Демократия лагери 2023

10:00 - 18:00

АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системаларынын эл аралык фондунун Өкүлчүлүгү (IFES) Демократия лагерине конкурстук негизде анкетаны кабыл алууну жарыялайт! Демократия лагери 2023-жылдын 20-июнунан - 30-июнуна чейин, КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ өтөт.

Жаңы билимге, жөндөмдүүлүктөргө жана көндүмдөргө ээ болууну каалаган бүткүл республиканын 9-10-классты аяктап жаткан окуучуларын катышууга чакырат.

Эгерде Сиз мектептин коомдук турмушуна активдүү катышып, волонтерлук иш менен алектенип, сынчыл ой жүргүртүүнү, лидерлик жөндөмдүүлүктү жогорулатууга умтулсаңыз жана жаңы интерактивдик шаймандарды колдонуу менен билим алгыңыз келсе, анда анкетаны толтуруп бизге жөнөтүңүз.

Лагерге катышуу БЕКЕР. Жатакана, тамак аш, кеңсе буюмдар  уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Бишкекте чогулуу жерине чейин кеткен транспорттук чыгымдар төлөнүп берилбейт. Толтурулган анкеталар 2023-жылдын 20-майына чейин кабыл алынат.