!!!КӨҢҮЛ БУРГУЛА!!! ОФФЛАЙН ЛАГЕРИ!!!

10:00 - 18:00

Демократия Лагери 2021
ДЕМОКРАТИЯ ЛАГЕРИНЕ КАТЫШУУНУ КААЛАГАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН КОНКУРСТУК АНКЕТА

АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо системасынын эл аралык фондунун Өкүлчүлүгү (IFES) Демократия Лагерине конкурстук негизде кабыл алууну жарыялайт! Демократия лагери 2021-жылдын 09-июнунан 19-июнуна чейин КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ өтөт.

Жаңы билимге, жөндөмдүүлүктөргө жана көндүмдөргө ээ болууну каалаган бүткүл республиканын 9-10-классты аяктап жаткан окуучуларын катышууга чакырылат.

Эгерде Сиз мектептин коомдук турмушуна активдүү катышып, волонтерлук иш менен алектенип, сынчыл ой жүргүртүүнү, лидерлик жөндөмдүүлүктү жогорулатууга умтулсаңыз жана жаңы интерактивдик шаймандарды колдонуу менен билим алгыңыз келсе, анда анкетаны толтуруп бизге жөнөтүңүз.
Лагерге катышуу БЕКЕР. Жатаканага, тамак ашка, кеңсе буюмдарга жана чогулган жерден кийинки жол киреңерге кеткен чыгымдар уюштуруучулар тарабынан каржыланат. Толтурулган анкеталар 2021-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат.

БАРДЫК СУРООЛОРГО ТАК ЖАНА ТОЛУК ЖООПТОРДУ КАМТЫГАН АНКЕТАЛАР ГАНА КОНКУРСКА КАТЫШАТ!